Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы чек ара меселеси боюнча сүйлөшүүдөн толук кабардар эместигин SUPER.KG порталына айтты.
"Өзбекстан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок канчалык деңгээлде сөз болгонунан кабарым жок. Бул маселе боюнча өкмөттүк комиссия бар, ал комиссияга менин орун басарым Байыш Юсупов кирген", - деди Жылкыбаев.
Кечээ, 14-августта азербайжандык "Интерфакс" маалымат агенттиги өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповго таянып, Өзбекстандагы Барак эксклавы Кыргыз өлкөсүндөгү ошол сыяктуу аймакка алмаштырыла турганын жазып чыккан.
Кыргыз өкмөтү Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу тобу иштеп жатканын билдирди. Маалыматта Барак маселеси да каралганы айтылат. Өкмөт такталбаган жерлер боюнча сүйлөшүү иштери жүрүп жатканын билдиргени менен жер алмашуу тууралуу маалыматты азырынча тастыктай элек.