Транспорт министри: "Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушу октябрь айында башталат"

Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушу октябрь айында башталат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент Сооронбай Жээнбековго аталган жолдун курулуш долбоору менен тааныштырып жатып маалымдады.

Маалыматка ылайык, транспорт жана жолдор министри 11-июнда азербайжандык "АZVIRT Limited Company" компаниясы менен кол коюлган келишимдин алкагында жол курулуш техникасын жана жабдууларын мобилизациялоо иштери башталганын айтты. Ошондой эле ал жанаша жүргүзүлүүчү жумуштар дагы аткарыла баштаганын билдирди.

Долбоорду Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы каржылайт.

Буга чейин Жамшитбек Калилов аталган жолдун курулушу сентябрь айында баштала турганын 26-июнда парламент комитетинин жыйынында айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Elaigun1991
2018-08-15 20:10:17
Кышта баштайт экенсинерда , Сентябр деди эле эми сентябрда кийинки жылга калды дейт созсуз
0
Mital.89
2018-08-15 21:55:26
Ушул жолду эми норма кылып салып берсенер болот эле. Дагы 5 6 колдон откорбой.
0
KAYRATBEK
2018-08-16 02:10:55
Чонойтуп салбаса ото эле начар болуп кетти. Фуралар жана бензин ташыган три авто унаалар асфальтты туруп салган
0
Davren
2018-08-16 03:32:38
Жакшы жаңылык экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан