Бүгүн, 16-августта белгилүү алып баруучу, ди-джей, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, телевидениенин отличниги Салтанат Саматованын сөөгү жерге берилди.
Маркум менен коштошуу зыйнаты Бишкек шаарында өтүп, Салтанат Саматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, маданият ишмерлери, эстрада ырчылары жана маркумдун жакын туугандары, кесиптештери катышты.
Белгилүү болгондой, кечээ, 15-августта алып баруучу, тамада, ди-джей Салтанат Саматова 46 жашында узакка созулган оорудан каза болгон. Бул тууралуу анын атасы Орозбек Түгөлбаев маалымдаган.
Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун музыкалык факультетин бүтүргөн.1996-жылдан тарта "Европа плюс" радиосунда иштеген. Андан кийин телеалпаруучулук кызматты аркалаган. Кийинчерээк ар кандай коомдук иш-чараларды, 2012-жылдан тарта “Акыл Ордо” теледолбоорун алып барып, 20 жылдан ашуун убакыт медиа тармагында иштеген. Кыргыз журналистикасына кошкон салымы үчүн 2016-жылы маданиятка эмгек сиңирген ишкер наамы менен сыйланган.
Салтанат Саматова 2011-жылы рак илдетине кабылган.
Анын артында жолдошу жана бир уул, бир кызы калды.