Кара-Кулжада 12 адам күйдүргү оорусун жуктуруп алды деген шек менен ооруканага жаткырылды

Кара-Кулжада 12 адам күйдүргү оорусун жуктуруп алды деген шек менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Күйдүргүнү жуктуруп алды делген шек менен ооруканага түшкөндөрдүн абалы канааттандырарлык. Азыркы тапта лабораториялык изилдөө иштери жүрүп жатат. Жыйынтыктар чыкканча бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө 14 күндөй болушат", - деп билдирди маалымат кызматы.

Маалыматта белгиленгендей, бейтаптар Калматай жана Кызыл-Мазар айылдарынын тургундары. Алардын баары бир бодо малдын этин тамак-ашка пайдаланышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sumaika
2018-08-16 16:43:13
Ал кандай ооруу?
0
Гүлзахира Дөөлөталы кызы
2018-08-16 16:48:17
sumaika, сибирь жарасы
0
nur72
2018-08-17 04:39:53
Андай болбой эле калсын жакшы болуп кетиңиздер туугандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан