Унаага баланы атайын отургучсуз салбаш керек... Жол эрежелери тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

Жол эрежелери тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралууда. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Юстиция министрлиги "Жол эрежелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Мыйзам долбоорунда калктуу пункттарда ылдамдык режимин саатына 60 чакырымдан 50 чакырымга чейин ылдыйлатуу, жаш балдарды атайын отургучсуз алып жүрүүгө тыюу салуу сунушу киргизилген. Ошондой эле, МАИ кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугуна тиешеси жок болгон унаа салыгы, жүргүнчү ташуу үчүн уруксат кагаз (патент) сыяктуу документтерди текшерүү укугунан ажыратылышы керектиги жазылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
almanbetperm
2018-08-16 17:34:32
Качан эле киргизиш керек болчу, балдарын алдына алып отургузбаш керек, автокресло жокбу штраф
+1
salimbek87.kg
2018-08-16 18:09:27
Бизде көптөгөн мыйзам кабыл алынат бирок күчүнө кирбей чыккан жерине кирип кетет.
+4
Daak9091
2018-08-16 18:15:24
Бизге бул нерсе тура келбейт аткени бут эле машинасы менен окат кылат эртен менен баласын садике же мектепке таштап койюуп такси кылат же машина менен уй булосун багат ал атайын отургуч бизге мишайт кылат
+4
Byrmachach
2018-08-16 19:31:22
Инимдин 5 кичинекей баласы бар, кантип авто кресло алып, бешөөн машинага батырат? Бир жакка жөнөсө бирин таштаса, экинчиси ыйлайт. Бул мыйзам көп балалуу үй бүлөлөргө туура келбейт ко.
+7
saparu
2018-08-16 19:52:15
Бул мыйзам бизге туура келбейт,коомдук транспортторго чыкканда кантер экенбиз
+3
Nurbek_aika
2018-08-16 21:37:25
Ооба,кошулам бул мыйзам бизге туура келбейт.МАИ кызматкерлерине кудай берип калат.Калп эле акчага сындырат.Ар нерсени дөөдүрөй беришет экен да.Тез эле мыйзам өзгөртө беришет экен да булар.Же аеысынан пайда жок.
+5
BarsBaatyr
2018-08-17 00:09:59
Бизде, 80-90% үй-бүлөдө кеминде 3-4 төн балдары бар.Кайсы бирине отургуч алып берет?Болбойт бул мыйзам.Эреже киргизгенден башта МАИ деги коррупцияны жойгула.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан