Ош шаарынан дайынсыз болуп изделип жаткан эки өспүрүм кыз Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Изделип жаткан кыздар Р.Б. жана Г.А. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Жал кичи районунан аман-эсен табылган. Кыздар Оштон Бишкекке эс алуу үчүн келгенин айтышкан.
"Учурда кыздар берген көрсөтмөлөр текшерилүүдө. Алар борборго келгенде телефондорун өчүрүп коюшкан", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, өспүрүм кыздар 10-августтан бери изделип жаткан. Алар 8-классты аяктаган окуучулар.