Бүгүн, 16-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага ошондой эле Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев катышты. Абылгазиев белгилегендей, Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине белгилүү Кыргыз жазуучусунун атынын ыйгарылышы казак эли жана Нурсултан Назарбаев башында турган Казакстандын жетекчилиги тарабынан Чыңгыз Айтматовдун элесине терең сый-урмат көрсөтүүсү катары саналат.
"Биз Чыңгыз Айтматовдун калтырып кеткен зор маданий мурасы менен сыймыктанабыз. Анын чыгармалары дүйнөнүн 180 тилине которулуп, жер шарынын булуң-бурчунда өз окурмандарын тапкан. Ушул жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин түрк тилдүү мамлекеттерде, КМШ жана Европа өлкөлөрүндө масштабдуу түрдө белгилөө пландаштырылууда. Буга байланыштуу биз Нурсултан Назарбаев эки элдин ортосунда бир нече кылымдар бою калыптанып келе жаткан достукту сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп келе жаткандыгына ыраазычылык билдиребиз", - деди Абылгазиев.
Чыңгыз Айтматов атындагы көчө жалпы маанидеги магистралдык көчө, 8 кыймыл тилкеси бар. Ал Астананын тарыхый бөлүгүн жаңы конуштардын аймагы менен бириктирип турат. Көчөнүн жалпы узундугу 2020-жылга карата 7,2 чакырымды түзөт.