SUPER TV: Жан дүйнө. Никесиз байланыш, төрөлбөй жатып кыйылган өмүр

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары "SUPER TV'нын" "Жан дүйнө" долбоорунда.

... Ал күнү Марал экөөбүз мейманканада болчубуз. Сүйүүгө мас болуп, капарымда эч нерсе жок болчу. Ошондуктан дагы бул кабарга туруштук бере албай калдым көрүнөт. Ичимдеги бүдөмүк ойлор тынчтык бербей, уктоочу бөлмөдө ары-бери баса бердим. Марал мен берген дарыларды алып, жуунуучу бөлмөгө кирип кеткенине жарым сааттай болсо дагы, анын чыкчудай түрү жок. "Батыраак чыкпайсыңбы?!" - деп ачуум менен барып эшикти ача салып, көргөн көзүмө ишенбей катып калдым. Көйнөгүнүн этеги канга боёлуп Маралым жатыптыр. Суроолуу, муңдуу көздөрү эчак эле токтоп калгандай. Мен дароо эшикке чуркап чыктым. Жок, "Тез жардамга" эмес, мен өзүм качып бараттым. Кайда баратканымды өзүм да билген жокмун. Эптеп эле мейманканадан из суутуп кетиш керек болду.
Мейманканадан чуркап чыгып, унаамды көздөй бет алдым. Чөнтөгүмдөн далбастап ачкычымды алып чыгып, от алдырып айдап жөнөдүм. Жолдо Марал эмне үчүн мындай кадамга барганын түшүнбөй, жан дүйнөм эңшерилип баратты.
Ооба, мейманканадан ал дарыларды өз колум менен сага сунгам. Бирок мен сенден айрылгым келген эмес. Сен нес абалыңда мени телмирип тиктеп тургансың. Ошол карагаттай каректериңде "Сен ушундай таш боор белең?" деген суроо турган.

"Алтыным, Марал, уксаң, экөөбүз буюрса көп балалуу болобуз. Бирок азыр эмес. Экөөбүз тең азыр жашпыз" десем, колумдагы дарыны жулуп алып кирип кеткенсиң. Мен көндүрдүм дегенсип диванга чалкалап отурдум. Бирок жүрөгүм негедир уйгу-туйгу болуп, чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Ушуларды ойлоп, унааны катуу айдап бараттым.

Окуяны толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, видеодон көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан