"Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Декреттик өргүүгө чыкканда 2 айлык акыны беребиз деген. Мага төрөткө чейин 1 айлыгымдын жарымын карматты" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин эсепке алуу жана отчёттуулук бөлүмүнүн башчысы Бегайым Мураталиева жооп берди.
"Декреттик өргүүгө чыккандарга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №727-токтому "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөк пулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө" жобонун негизинде акча төлөнөт. Ал эми Ош облусундагы Макаренко мектебинин башталгыч класстын мугалими декреттик өргүүгө чыкканда алгачкы 10 күндүк эмгек акысын алган. Кабыл алынган токтомго ылайык, мектеп биринчи 10 күндүк эмгек акыны гана төлөп берет. Ал эми 11-күндөн баштап төрөгөнгө чейинки эмгек акысы социалдык фонддон берилет", - дейт Мураталиева.