Курман Айт күнү Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унаа жолуна чектөө киргизилет (карта)

21-август күнү Курман Айт намазы учурунда 2 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Айт намаз окула турган аянтка чоң көлөмдөгү буюмдарды, кесе турган же жарылуучу заттарды алып келүүгө болбойт. Айдоочулар жол кыймылына тоскоол болбош үчүн алдын ала унаа токтотуучу жайларды тандашы зарыл. Кичинекей балдарга көз салып туруңуздар жана аларды өз алдынча Айт намазга жөнөтпөңүздөр", - деп эскертет Бишкек ШИИББи.

Айт намазга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө унаа жолуна чектөө киргизилет.
• Фрунзе көчөсү (Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин),
• Абдымомунов көчөсү (Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин),
• Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү (Чүй кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан