"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети 2 миллиард 500 миллион сомго жарыялаган тендер 23-августта жыйынтыкталат. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта аталган мекеменин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров долбоордун презентациясында билдирди.
Шатемировдун айтымында, "Коопсуз шаар" бул "Акылдуу шаар" ири долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Анын алкагында Бишкек шаарынын жолдорунда айдоочулардын жол эрежелеринин бузулуулары катталат.
"Коопсуз шаар" долбоорунун башкы максаты - бул унаа жолдорундагы кырсыктарды азайтуу, айдоочуларды тартип сактоого чакыруу болуп саналат.
Ошондой эле Шатемиров долбоордун алкагында 110 программалык-аппараттык комплекс орнотула турганын айтты.
Анын ичинен:
38 комплекс - Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн кесилиштеринде;
4 комплекс - Тез кыймылдуу жолдордо;
48 комплекс - Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту;
20 кыймылдуу комплекс болот.
"Тендерди утуп алып, долбоорду ишке ашыра турган компания толук комплекстүү кызмат көрсөтөт. Ал камераларды орнотуп, туура иштеп жатышын жана кызмат көрсөтүүнүн көптөгөн технологиялык параметрлерин көзөмөлдөп турат. Катталган тартип бузуу фактылары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан иргелип унаанын ээлерине жөнөтүлөт", - деп белгиледи Шатемиров.