Базарда баштык терип энеси менен инисин баккан өспүрүм кыз эми жардамга муктаж болгон балдарды жакшы жашоого шыктандыруу менен алектенет

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, майыптар арабасында отурган энесин жана бир тууган инисин багып жүргөн өспүрүм кыз Айчүрөк Сулайманова азыр 16 жашта. Ал буга чейин "Ош базарында" баштык терип сатып, үй-бүлөсүн бакканы менен белгилүү эле. Коомдо анын тагдыры талкуу жаратып, көпчүлүк жардам колун сунган.

Эми ал балдардын укуктары боюнча эл аралык KidsRights фондунун (The International Children’s Peace Prize) грантына ээ болду. Бул тууралуу 17-августта Балдарды коргоо борборунан билдиришти.

"Айчүрөк Сулайманова эл аралык уюмга жөнөткөн долбоордун максаты - балдарга укуктары тууралуу маалымат берүү, жакшы жашоого шыктандыруу жана туура жолду тандоого көмөктөшүү болуп саналат. Долбоордун алкагында жаңы конуштарда жашаган кыздардын потенциалына көп басым жасалат. Айчүрөк туура максат коюу менен бардык нерсеге жетсе болорун көрсөттү. Долбоордун алкагында тренингдер өткөрүлүп, окуучуларга турмушта болгон окуялар театрлаштырылып көрсөтүлүп турат", - деп айтылат маалыматта.

Майып энеси менен инисин баккан өспүрүм кыз эл аралык сыйлыкка ээ болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kairhai
2018-08-17 13:12:12
Азамат!!!
+7
Aigerim.95
2018-08-17 14:50:12
Туура максатты туура коюу менен коптогон ийгилткьерге жетсе болот. Азаматсын.
+7
Nursbaike
2018-08-17 20:50:50
Уйлонмокмун Макул болсо.
+6
meni_kut
2018-08-18 10:14:12
Nursbaike,педофил ал 10-класс
-5
Nursbaike
2018-08-18 18:09:14
meni_kut,сен сот тармагында иштебейсинби? Алыыс эле жур ээ
0
Begaiko
2018-08-18 11:38:31
Nursbaike, молодец!

+2
Eli.91
2018-08-18 12:57:46
Nursbaike,
ОЗУ эле багып коймок десен
-4
AlibaevO
2018-08-18 08:45:31
Azamatsyn
+3
dinikyz
2018-08-18 14:00:43
Молодец денсоолугун чын, омуурун узун болсун! Апан мн ининди баксан кийин балдарындан коросун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан