Жалал-Абад шаарында Айт намазы 21-август күнү “Эркиндик” аянтында окулат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун казыятынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Айт намазы таңкы саат 06:30да башталат.
Айт намазынын программасы:
06:30-07:00 - Куран окулат;
07:00-07:35 - Дин аалымдары баяндамаларын айтышат;
07:35-07:45 - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Жалал-Абад шаарынын мэринин жана Жалал-Абад облусунун казысынын куттуктоосу, ошондой эле баяндамасы айтылат;
07:45 - Айт намазы окулат.