Кадамжайда тургун 70 күндөн бери комада. Анын абалына милиция күнөөлүүбү же дарыгерби иликтенүүдө

Буга чейин Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна Баткен облусунун Айдаркен шаарынын тургуну М.Ташмурзаева "Иним А.Ташмурзаевди Кадамжай райондук милиция кызматкерлери сабап салды", - деген арыз менен кайрылганы маалымдалган.

Анда жазылгандай, Ташмурзаевдин колуна операция жасалган. Андан кийин комага түшүп калган. Бейтапка экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы Ташмурзаевдин баш мээси чайкалып, бир колу жана мурду сынганын аныктаган.

Баткен ОИИБинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 14-июнь күнү Кадамжай РИИБине 1972-жылы туулган Ташмурзаевди Айдаркен шаарында белгисиз адамдар сабап кетти деген арыз анын эжесинен түшкөн.

"Кылмыш каттоого алынып, биздин милиция кызматкерлери ооруканага барганда жабырлануучунун өзүнөн көрсөтмө алууга мүмкүн болгон эмес. Анткени Ташмурзаев бул учурда комада болгон.

Ташмурзаевди көргөнү келген эжесине дарыгер: "Иниң мас абалда келип "милиция кызматкерлери сабады" деп айтты" деген. Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматы бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөндө Ташмурзаев.А. 14-июнь күнү саат 12:30дар чамасында Айдаркен жалпы дарыгерлик практикалоо бөлүмүнө мас абалында барып, сол колунун билеги сынгандыгын айтып, дарыгер М.К.га гипс жасатып кеткени белгилүү болду. Арадан 3-4 саат өткөндөн кийин А.Ташмурзаев кайрадан оорусуна чыдабай ооруканага келип, М.К.га туура эмес гипстеп коюпсуң, колум чыдатпай жатат деп кайрылган. Ошондо дарыгер А.Ташмурзаевдин колуна операция жасап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырган. Ошол бойдон бүгүнкү күнгө чейин А.Ташмурзаев жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бирок дарыгер А.Ташмурзаевдин ооруканага кайрылгандыгы боюнча милицияга билдирген эмес. Ал эми А.Ташмурзаевдин оорунун тарыхы китепчесине милиция кызматкери сабады деп жазган эмес. Дарыгерден башка адам аны милиция кызматкери сабады деген маалыматты уккан эмес", - деди Баткен ОИИБинин маалымат катчысы.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы өкүлү Арзыбек Бөрүбеков SUPER.KG порталына Ташмурзаев 70 күндөн бери комада жаткандыгын ырастады.

"Бул боюнча министрликтин Кадамжай райондук бөлүмүндө атайын комиссиялык топ түзүлүп иштеп жатабыз. Мындан тышкары ишти УКМКнын Баткендеги башкармалыгы карап жаткандыктан дарыгерлерден көрсөтмөлөрдү алышты. Тергөө иштери жана комиссиянын иликтөөсү чыныгы абалды көрсөтөт.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, Ташмурзаев спирттик ичимдик ичкен, туруктуу үйдө жашабайт. Колдору ириңдеп, ооруп, ооруканага келип дарыланып жүрчү. Иликтөө-тергөө иштеринин жыйынтыгынан кийин эмне себептен комага түшкөндүгү белгилүү болот", - деди Бөрүбеков.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) менен кылмыш иши козголуп, ишти УКМКнын Баткендеги башкармалыгы карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
shergazy9
2018-08-17 16:06:44
Башы мурдун сындырып туруп гипстедиби даарыгер
+1
monster_high_98
2018-08-17 16:13:26
"Тергөө иштери жана комиссиянын иликтөөсү чыныгы абалды көрсөтөт"Ордокту гоо учурупсунар!Кором эртен результатты!Озуно келсе экен эми!Арак деген качан тыю салынат болду экен
+1
amirrus
2018-08-17 16:25:38
дарыгер аны эмнеге урмак эле,бул милициянын эле иши,башка бироо мынча урса эмдигиче аны кармап ,капчыгын кагып,канын ичмек милициялар...Реалдуу карап туура чечим чыгарат деген умуттобуз...
+4
raykray
2018-08-17 17:54:56
Чындап адамдардан откон мыкаачы жок эс учун жоготкончо даже олгончо сабашат(. Дагы окуган билимдуу адамдар?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан