Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дагы бир телеканалы бар экени белгилүү болду

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Канал D" аталышындагы дагы бир телеканалы бар экени белгилүү болду. Адилет министрлигинин сайтында аталган канал ушул жылдын 4-майында каттоодон өткөнү көрсөтүлгөн.

Каналдын негиздөөчүлөрү катары Алмазбек Атамбаев жана "Апрель" коомдук фонду жазылган.

Ал эми "Канал D" телеканалынын директору Алтынбек Жумаев экендиги жазылган. Ал 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Республика-Ата Журт" партиясынын 54-сабында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталган.

Ушул жылдын жаз мезгилинен тартып "Апрель" телеканалы иштеп келет. Анын директору Дмитрий Ложников бул телеканалга экс-президент Алмазбек Атамбаев ээлик кыларын интернеттеги баракчасына жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Salaf
2018-08-17 18:24:13
Болсо эмне болуптур?.
+6
nuri1
2018-08-17 18:30:03
Ушул адамды жамандап бутпой коюшту го.
+3
Suzak12
2018-08-17 18:38:23
nuri1,Атамбаев уйротуп кеткен убагында алда Бакиевди жамандап журуп кетти.
+5
patiydin
2018-08-17 21:43:51
Ушул бизде жумуштан кеткенден кийин жамандаш адат болуп калды. Коробуз Жеенбековдагы жумуштан кетсин дароо эле жамандаш башталат. Эмне убагында айтпайсынар?
+1
salimbek87.kg
2018-08-17 21:54:12
patiydin,Жеенбековту эч ким мактаган
жок ал да жарытып иштеген жок
0
Dalil
2018-08-17 22:42:39
patiydin, АШАны ашатып эле атышты ажо убагында эле. Өзү айткандай акты ак караны кара деп айтыш керек да. Сокебиз да таза шайлоо менен келбеди. А кандай иштейт убакыт көргөзөт.
+3
Baatirbek81
2018-08-17 22:30:39
Ушул элеби
+1
taalay25
2018-08-18 14:19:29
Акчасы, мумкунчулугу болсо ача берет да. Бирок беш миллион калкы бар олкого мынча телеканалдын кереги жок. Ага кеткен чыгымга жок дегенде текстиль, же бир женил онор жай ишкана ачса бир топ пайдалуу болмок
0
altyn7776
2018-08-18 17:07:30
АША нын кыныр ишин журналист Алтынбек Жумаев Акаевден билип келген эле.. Анан кантип кайра АША менен колтукташ болуп калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан