Камактагы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармоону токтотуша элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Асанов менен Кадыровдун тамактан баш тартканына 24 саат болду. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, бирок макул болушкан жок. Ал эми Жогорку Соттун чыгарган чечими келе элек", - дешти ЖАМКтан.
SUPER.KG порталы аталган маселе боюнча Жогорку Сотко кайрылганда, учурда Асанов менен Кадыровго чыгарылган соттун чечими жиберилдиби же жокпу, ошол маселени тактоо иштери жүрүп жатканын айтышты.
Кечээ, 16-августта саат 17:20да Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров өздөрүнө карата чыгарылган Жогорку Соттун чечимин ала албай жатканы айтып ачкачылык жарыялашкан.
2016-жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылган.
Алар соттун мындай чечимине нааразы болуп №47-абакта 2018-жылдын 30-январынан 21-февралына чейин кургак ачкачылык жарыялашкан.
2018-жылы 7-июнда Жогорку Сот өкүмдү өзгөртүп, ар бирин 8 жылдан кескен.