ЖАМК кызматкерлери Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровго түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар ачкачылык кармоодон баш тартпай турганын айтышты

Камактагы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Толубай Жакишов билдирди.

"Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бүгүн, 16-августта саат 17:20да тамактануудан баш тартуу боюнча расмий билдирүү беришти. Алар Жогорку Соттун чечимин ала албай жатканына нааразы. Биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар ачкачылык кармоодон баш тартпай турганын айтышты", - деди Жакишов.

Буга чейин "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров өздөрүнө карата чыгарылган Жогорку Соттун чечими менен бүгүнкү күнгө чейин тааныша электигин айтып, ачкачылык кармаганын айткан.

2016-жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылган.

Алар соттун мындай чечимине нааразы болуп №47-абакта 2018-жылдын 30-январынан 21-февралына чейин кургак ачкачылык жарыялашкан.

2018-жылы 7-июнда Жогорку Сот өкүмдү өзгөртүп, ар бирин 8 жылдан кескен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2018-08-16 20:27:23
Бектур Асановду кыргыз улутуна чыккынчылык жасаган адам катары билем . Ош коогалаңынын алдында , өзбек сепаратисттерди жандап жүргөнүн билем. Ошол себептен чын жүрөктөн баары бир .

Жакшы иштерин жасагандар билсе, жазып кетиңиздер. Балким оюубуз оңуна өзгөрөт.
+2
Erik2018
2018-08-16 20:32:44
Бектур Асанов Ош коогалаңына түздөн түз күнөөсү бар. Ал толук жазасын алып чыгышы керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан