Орусиянын Тула облусунда 24 жаштагы Кыргыз жараны токко урунуп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 18-августта Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан кабарлашты.
Маалым болгондой, Баткен облусунун Лейлек районунда туулган Р.К. аттуу жаран 16-август күнү кечинде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. 17-август күнү анын жансыз денеси электр зымы тартылган мамынын жанынан табылган. Маркумдун сөөгү Венёв шаарынын өлүк сактоочу жайына жеткирилип, соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Жыйынтыгында маркумдун баш сөөгүн ток тартканы аныкталган.
Маркумдун сөөгү ушул эле күнү учак аркылуу Лейлек районуна жөнөтүлдү.