Чүй облусунун ири унаа жолдорунун четинде турган жайма базарлар алынып жатат. Учурда облустук милиция менен мамлекеттик администрация кызматкерлери жол четиндеги жайма базарларды жок кылуу боюнча рейд өткөрүп жатканын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Рейд 14-августта башталган. Маалым болгондой, рейд азыркы тапта Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кант шаарына чейинки аймагында жүрүүдө. Ошондой эле Сокулуктан Бишкек шаарына чейинки жол четинде турган жайма базарлар алына турганы айтылды.
"Соодагерлер бир жерде аралаштырып сатса болбой турган товарларды сатып жатышат. Мисалы, дарбыз менен унаанын аккумуляторун. Ошондой эле ал жерлерде соода кылгандары мыйзамсыз. Сатуучуларга мындан эки ай мурун эле эскертүү берилген жана алар тоготпостук мамиле кылып келишкен", - деп айтышты башкармалыктын маалымат кызматынан.