Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында жаан-чачын жаашы күтүлүүдө

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 21-22-август күндөрү жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-22-август күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо, жайлоолордо жаан карга айланат. Синоптиктер билдиргендей, Чүй жана Ысык-Көл облустарында абанын температурасы төмөндөшү мүмкүн.

Бишкек шаарында 21-август күнү абанын температурасы түнкүсүн +18 градус, күндүзү +25 градус болушу күтүлүүдө. Шамалдын соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek_tash
2018-08-20 12:46:14
Жааса жаайт да. Шашылыш билдирип паника кыласыңар го.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан