Каржы министрлиги 180 миң сомго 10 кресло сатып алат. Отургучтарды сатып алуу боюнча тендер 17-августта Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталында жайгаштырылган.
Маалыматка караганда, алынуучу креслолор бир нече талаптарга жооп берилиши зарыл. Креслолор 150 килограмм салмакты көтөрүп, кайыштан жасалуусу шарт. Ошондой эле отургучтардын өңү кара, беш дөңгөлөктүү, термелип турган, темирден жасалып сырты желим менен капталган, чыканак коюучу жери жыгачтан жана 12 ай кепилдиги менен болушу керек.
2015-жылы жаңы шайланып келген 6-чакырылыштагы парламент, 2 миллион 600 миң сомго 120 кресло алууга тендер жарыялап, коомчулуктун сынынан кийин тендерди токтоткон.