Дүйнөнүн 4 бурчунан келген мусулмандар зыярат кылып жаткан Мекке шаарында катуу шамал катталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, шамал 19-августта болгон.
Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгы шамал Мина өрөөнүндө да болгонун айтып төмөнкүлөрдү билдирди.
"Азыркы учурда биздин өлкөдөн барган мекендештерибиз Мина өрөөнүндө, Арафат тоосунда ибадат кылышууда. Ал жерде да шамал болгон, бирок эч ким жабыркаган эмес. Өлкөбүздөн кеткен зыяратчылардын баарынын абалы жакшы", - деп билдиришти муфтияттан.
Айта кетсек, быйыл Сауд Арабиясы Кыргыз зыяратчылары үчүн 5 миң 400 квота бөлгөн.