Президенттин жана Жогорку Кеңештин төрагасынын жалпы кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктоосу

Бүгүн, 21-августта Бишкектин эски аянтында Курман айт намазы окулду. Жалпы мусулмандардын алдында өлкө башчынын куттуктоосун президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев окуп берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө бактылуу жашоо тиледи.

"Урматтуу мекендештерим! Кадырлуу мусулман агайын, туугандарым! Сиздерди Жараткандын эң улуу күндөрүнүн бири — ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Бул күнү Кудайга тобо келтирип, тирүүлүктү барктап, маркумдарды эскеребиз, жан дүйнөбүздү аруулап, көөнөрбөс баалуулуктарды сиӊиребиз.

Курман айт Жаратканга жакын болууга, таза жашоого, кең пейилдикке жана кайрымдуулукка үндөйт. Ыйманыбыз келечектүү жаштарды тарбиялап, адилеттүү коомду курууга өбөлгө түзөт. Биз бүгүн Жараткандан жакшылык суранабыз. Ушул улуу күнү баарыӊыздардын аруу тилегиӊиздер, асыл максаттарыӊыздар орундалсын. Ар бир Кыргыз жараны жан дүйнөсүн жаӊыртып, бекем ыйман, адал эмгек менен аруу чөйрөдө бактылуу жашоого жетишсин!

Ажылык парзын аткарып жүргөн бир туугандарыбыздын тилектери кабыл болсун, алар мекенибизге аман-эсен кайтып келишсин. Өлкөбүздөгү улуттар аралык ынтымак, өз ара урматтоо бекемделип, бардык Кыргыз жарандарын жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн.

Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык, мамлекетибизде гүлдөп өнүгүү болсун! Кыргыз өлкөсүн Кудай өзү колдосун!

Айтыңыздар маарек болсун, урматтуу мекендештерим!" деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков мусулмандарды Жогорку Кеңештин жана өзүнүн атынан Курман айт майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу замандаштар! Сиздерди Жогорку Кеңештин жана өзүмдүн атымдан боорукерликке үндөгөн Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Мусулмандардын эки улуу майрамы бар, анын бири - Курман айт майрамы. Бул Курман айт майрамында жалпы мусулмандарыбыздын жүзүндө күлкү болуп, ата-эне, туугандарыбызга, коңшуларыбызга жакшы сөздөр айтылат. Жаратканым бүгүнкү күнү дүйнө мусулмандары, анын ичинде кыргыз эли алакан жайып, дуба кылып сураган тилектерин кабыл кылсын! Биз, кыргыз эли, Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандары бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бүгүнкү өлкөбүздүн гүлдөшүнө кылган дубаларыбыз кабыл болсун. Биз жакынкы жылдары өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин арасынан чогуу көрөбүз, мунун баары жалпы тилек менен ишке ашат. Дагы бир жолу бүгүнкү Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм! Айтыңыздар маарек болсун!" - деди Жумабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан