Бүгүн, 1-июлда Нарын шаарында белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына арналган 5-республикалык театралдык фестиваль башталды. Фестиваль өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбековдун колдоосу менен өтүүдө. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 17 театралдык жамаат, маданият жана искусство ишмерлери катышат. Алгач катышуучулар Нарын шаарынын борбордук аянтынан М.Рыскулов атындагы музыкалык академиялык драма театрына чейин жөө жүрүш менен келишти. Ага жогорку жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Салтанаттын расмий ачылышы саат 18:00дө облустук музыкалык драма театрда өтөт. Фестиваль 4-июлга чейин созулат.