Экс-президент Алмазбек Атамбаев Курман айт намазын Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы мечиттердин биринде окуду. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Курман айт намазынан кийин Атамбаев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барган.
"2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларына арнап куран окулду. Ошондой эле экс-президент жакындарын эскерүүгө барган Апрель окуясынын катышуучулары менен баарлашты", - деп айтылат маалыматта.
Атамбаев президент болуп турган учурда да өзү туулган Арашан айылында айт намазын окуп келген. Ошондой эле аталган диний иш-чарадан кийин "Ата-Бейитке" барып, Апрель баатырларын эскерүүнү адатка айланткан.
Ал эми бүгүн, 21-августта Курман айт намазын президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттердин биринде окуган.