Буга чейин Кайыңды шаарынын 27 жаштагы тургуну 17-август күнү Панфилов районунун Чалдыбар айылында өзүнүн сүйлөшүп жүргөн Н. аттуу жигитинин досу тарабынан зордукталып, андан кийин сабалганын айтып берген.
Бүгүн, 21-августта кыз жигитим деп жаткан Н. аттуу жаран SUPER.KG'ге кайрылып, анын айткандарын четке какты. Анын айтымында, экөө кыз-жигит болушкан эмес.
"Арыз жазган кыз экөөбүз эч кандай кыз-жигит эмеспиз. Ал кызды 16-август күнү окуя болгон үйгө сабап койду деп жаткан досум өзү алып келген. Киши көп болчу. Бир аз спирт ичимдигин ичип отурганбыз. Менин жанымда өзүмдүн сүйлөшкөн кызым бар болчу. Ошол күнү төртөөбүз чогуу отурдук.
Кыздын жүрүм-туруму жакшы эмес экенин буга чейин эле билгендиктен эртеси досума айтып, кызды кетирип салганбыз. Бирок бир саатка жетпей кайра келип калды. Андан кийин досум унаасынын ачкычы менен капчыгын жоготуп алды. Ортодогу чыр ошондон улам чыкты. Менин сүйлөшкөн кызым капчыкты ошол кыз кармап турганын көргөн экен. Сурасак "мен алган жокмун" деп туруп алды. Кийин досум "менин унаам менен маршруткага жеткирип коёюн" деп алып кеткен. Бир аздан соң кайра келип "кыз унаадан түшүп кетип, жолдогу унааларды башы менен сүзгүлөп ызы-чуу салып жатат" деп айтып калды. Анын мындай аракетин ошол жерде тургандардын баары эле көрүптүр. Мен райондук милицияга кабар бергени кетсем, кайра үйгө кирип досумдун унаасын, менин 40 миң сомдук телевизорумду, 16 миң сомдук гитарамды жана үйдөгү идиштеримди талкалап салыптыр. Мына ошондуктан милицияга арыз берүүгө аргасыз болгонбуз. Эми чыгымды төлөөдөн качуу үчүн зордуктап, сабады деп арызданып жатат. Досум аны зордуктаган да, сабаган да эмес", - деп билдирди ал.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын башчысы Назира Имангазиева облустук милициянын ыкчам тергөө тобу тарабынан жазылган арыздардын негизинде териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирген.