"Корей сериалына кызыкпайм" дегендер да жок дегенде Гү Жүн Пө менен Гым Чан Динин атын угушкан. "Мыкты жигиттер" сериалы экранга чыкканда андагы 4 жигитке ашык болгон кыздар менен кошо, чач жасалгасын, кийинүү стилин ошол жигиттердикиндей кылып өзгөрткөн жигиттер арабызда азыр деле арбын. Тасмага таасирленип бир нече өлкөлөрдө ага окшош тасмалар тартылып, андагы жигиттердин стилин алып жаңы ырчы топтор ачылды. Бул жаңылыктан артта калбай биздин режиссёрлор да тасма тартууга жетишти. 2011-жылы жарык көргөн режиссёр Данияр Абдыкеримовдун "Как выйти замуж за Гу Чжун Пё" деп аталган тасмасында баш каарман Алия Гү Жүн Пөнү корей тасмасынан көрүп жактырып, идеалдуу деп санайт. Бирок ага баруу максатынын артында Түштүк Кореяга барып отурбай эле өз Гү Жүн Пөсүн табат.
Гым Чан Ди менен 4 мыкты жигит экраныбызда пайда болгонуна 10 жыл болду. Классикалык дорама саналган Түштүк Кореянын "Мыкты жигиттер" аттуу сериалы ("Цветочки после ягодок") 2008-жылы жарык көрүп, Корей толкунун дүйнөгө таратып эл аралык сенсацияга айланган. Кээ бир Ли Мин Хо сыяктуу актёрлор атактуулукка ушул дорама аркылуу жетип, ушул күнгө чейин экрандан түшпөй келет. Ошол тасманын актёрдук курамы 10 жылда кантип өзгөрдү? Көз жүгүртөбүз.
1. Ли Мин Хо (Гү Жүн Пө)
"Мыкты жигиттер" сериалындагы кыздардын жүрөк оорусуна айланган Гү Жүн Пө деген баш каармандын ролу менен атактуулукка жеткен түштүк кореялык актёр, модель, ырчы Ли Мин Хо ушул дорамага тартылып Азияга кеңири таанымал болуп чыга келди. Гү Жүн Пөнүн ролун алгандан тарта өз жүрүм-турумунун үстүнөн талыкпай иштеп тажрыйбалуу актёр деп атала баштаган. Ушундан кийин ага жалаң гана баш каармандын образын жаратууга көп сунуштар түшүп, "Шаардагы мергенчи" ("Городской охотник"), "Жеке тандоолор" ("Личные предпочтения"), "Ишеним" ("Вера"), "Мураскорлор" ("Наследники") жана "Көк деңиз жөнүндөгү легенда" (Легенда о Синем море") драмаларында роль жараткан. Аталган тасмалардын дээрлик баары көрөрмандары тарабынан жакшы кабыл алынып, актёр корей тасма дүйнөсүнүн жылдызына айланды.
Учурда Ли Мин Хо аскердик кызматта. Ал 2017-жылдын 12-майында аскердик кызматка тартылган. Бирок 2006-жылдагы жол кырсыгынан анын бутунун сөөктөрү сынган. Ал эми 2011-жылы актёр экинчи ирет жол кырсыгына кабылган. Мындан улам ал аскердик кызматын Сеулдагы Каннамгу районундагы мекемелердин биринде мамлекеттик кызматкер катары кызмат өтөп жатат. Анын аскердик кызматты өтөө мөөнөтү 2019-жылы аяктайт.
2. Гу Хе Сон (Гым Чан Ди)
Сериалдагы "идеалдуу" кыздын образын чагылдырган Гым Чан Ди же болбосо актриса, ырчы, сүрөтчү, жазуучу Гу Хе Сон "Мыкты жигиттер" драмасынан кийин актриса катары гана эмес, ырлардын автору, режиссёр, продюсер жана сценарист катары таанымал боло алды. Ал сценарий жазып "Сыйкыр" ("Магия"), "Таттуу эскерүүлөрдүн бири" ("Фрагменты сладких воспоминаний") жана "Кызым" ("Дочь") сыяктуу бир нече тасмаларды тарткан. 2011-жылы өзүнүн "Gu Hye Sun Film" компаниясын негиздеп, эң алгач "Шабдалы дарагы" ("Персиковое дерево") тасмасын тартышкан. Тасмаларындагы ырларды жана ага саундтректтерди өзү жаратат. Ал эми анын жарым автобиографиялык "Танго" романы бестселлер катары эсептелет.
Актрисалыкты да улантып, "Бизге кам көрүңүз, капитан", "Периштенин көзү" жана "Кан" тасмаларына тартылган.
2016-жылы "Кан" тасмасындагы өзүнөн 3 жаш кичүү кесиптеши Ан Жэ Хёнго турмушка чыккан.
3. Ким Хён Жун (Юн Жи Ху)
Ким Хён Жун "Мыкты жигиттер" сериалына тартылып жатып өтө чарчагандыктан эсин жоготкон учур болгон. Ал сериал тартылып бүткөнгө чейин 8 килограммга арыктап, депрессияга кабылган. Түштүк кореялык SS501 тобунун солисти Ким Хён Жун "Мыкты жигиттер" драмасына тартылгандан кийин да Сеулда жана Японияда хит ырларды жазуу менен ырчылык кесибин уланткан.
Киножаратуучулардын кылтагына илинген Хён Жун "Күлкүлүү өбүшүү", "Шаарды басып алуу", "Бийиктиктерге жете кыялдан", "Жаштардын мезгили" жана башка тасмаларда роль жараткан.
Дүйнөгө таанымал көз күйдүргөн бойдоктордун катарында Ким Хён Жун дагы бар. Жергиликтүү маалымат агенттиктери атагы арткан актёрдун сүйүү романдары тууралуу маалыматтарды жазып келүүдө. Бирок Хён Жун азыр үй-бүлө курууга даяр эмес экенин айтып келет. Актёр жана музыкант 2015-жылы Корей аскердик кызматына тартылып, 2017-жылы кызматын аяктап келген.
4. Ким Сан Бом (Со И Жон)
Ырчы жана актёр Ким Бом "Кыял", "Турмушка чыккысы келген айым", "Түш", "Бейиштен Чыгышка карай", "Олуттуу айымдар", "От Кудайы Чжон И" жана башка тасмаларга тартылган. Ырчы катары 2012-жылы алгачкы жеке альбомун чыгарган.
Жылмаюусу менен көпчүлүк кыздардын жүрөгүн багынткан актёрдун жеке жашоосу тууралуу интернет ааламында маалыматтар аз кездешет. "Мыкты жигиттер" тасмасындагы Чан Динин курбусу Га Ылдын ролун аткарган актриса Ким Со Ын менен чыныгы жашоодо да кыз-жигит болгон.
2013-жылы "От Кудайы Чжон И" жана "Күз жомогу" тасмаларындагы актриса Мун Гын Ён менен сүйүү мамилесинде жүргөнүн ачыкка чыгарган. Түгөйлөр чет өлкөлөрдү кыдырып эс алышкан, бирок жети айдан кийин бири-биринен алыстап кетишкен.
Ким Бом ошондой эле 2013-жылы кытайлык "Жаш детектив Ди: Деңиз ажыдаары" фильмине тартылып, Кытайда атактуулукка жетишкен. 2015-жылы Түштүк Кореяга кайтып келип "Жашыруун" триллерине тартылган.
Учурда "Детектив К: Шайтан вампир" аттуу детективге тартылууда. 2018-жылдын март айынан тарта интернетте анын актриса О Ён Со менен жылуу мамиледе жүргөндүгү айтылууда.
5. Ким Жун (Сон У Бин)
Ким Жун ырчы жана рэпер катары алгач 2007-жылы ырдап чыгып, анын "T-Max" тобу "Мыкты жигиттер" сериалына саундтрек аткарышкан. Актёр ырчылык менен катар тасмага тартылуусун да уланткан. "Түбөлүктүү сүйүү", "Күндүн шаары" сыяктуу бир нече фильмде образ жараткан.
2011-2013-жылдары аскердик кызматын өтөп келген. Учурда театр актёру катары эмгектенип келет. 2018-жылдын июнь айында актёр өзүнүн сырын ачыкка чыгарган. Анда ал 2015-жылы сүйүктүүсүнө жашыруун баш кошуп, азыр уулу бар экенин жарыялаган.
6. Ким Хён Жу (Гү Жүн Хи)
Жүн Пөнүн эжесинин ролун мыкты аткарган Ким Хён Жу "Мыкты жигиттерге" тартылгандан кийин Канадага сапар алып, "Ким Хён Жудан ЭКО Канада" аталышындагы документалдуу тасмасын тартууга киришкен. Ошол эле жылы декабрь айында Хён Жунун кол эмгектери" деп аталган эссе жана сүрөттүү китебин чыгарган. 2010-жылдан тарта Филиппин жана Бангладеште өз эрки менен элчи болуп, кайрымдуулук иштерди уюштуруп жардамга муктаждарга жардам колун сунуп келет.
Актриса бүгүнкү күндө да теле берүүлөрдө ийгиликтерди жаратып келүүдө. Ал "Күлчү кыз үчүн туфли", "Миллиондун артынан түшүү", "Бул үй-бүлөгө эмне болгон?" жана "Фантастика" тасмаларына тартылып, көрүүчүлөрүн кубантып келет.
2018-жылы экранга чыккан "Биз кезиктирген керемет" тасмасында Түштүк Кореянын популярдуу саналган "EXO" ырчы тобунун солисти Кай менен чогуу баш каармандарды ролун ачып берген.
7. Ким Со Ын (Чу Га Ыл)
Ким Со Ын башкалардан айырмаланып актрисалыкка кошо моделдик кесипти аркалап келет. Аталган сериалдагы Гым Чан Динин мыкты досу ошол күндөн тарта достук мамилесин үзгөн эмес. Ал түштүк кореялык "Өзүнө ишенген бойдок", "Миң өбүшүү", "Ветеринар", "Мектептен кийин көрүшөбүз" жана "Калпычылардын оюну" сыяктуу 20га жакын тасмада роль жараткан.
2008-жылы "Мыкты жигиттер" сериалына тартылып жатып төрт жигиттин бири Ким Сан Бом менен тасмада да жашоодо да сүйүү мамилесинде жүрөт деген ушактар жайылган. Ага ал Ким Бом менен университетте бирге окуганын, эки сериалга чогуу тартылганын айтып, ортосунда эч кандай мамиле жок экендигин ачыктаган.
2018-жылы түштүк кореялык "CNBLUE" тобунун солисти Ли Жон Хён менен биргеликте "Бул О Су деген жигит" аталышындагы тасмада башкы каармандын образын жараткан.