Күбө: "Аламүдүн" базарындагы лифт бекилип калган. Ичинде 1 сааттай турган адамдар аба жетпей, айнекти талкалашкан"

Буга чейин "Аламүдүн" базарындагы жөө жүрүүчүлөр өтүүчү өтмөктөгү лифтти тургундар талкалап кетишти" деген маалымат сүрөттөрү менен тараган. Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев: "Аламүдүн жактагы көпүрөнүн лифти - биздин, шаардыктардын ар бирибиздин мүлкүбүз. Үйүңүздү, үйүбүздү талкалап жатышат. Ар бирибиз көңүл буралы", - деп интернеттеги баракчасына жазып чыккан.

Бул боюнча күбөлөр SUPER.KG'ге кайрылып, терезе атайын талкаланбаганын билдиришти.

"Тургундар айнекти талкалап кетти деген маалымат тарап кетти. А чынында кырдаал башкача болгон. Бул жердеги лифттин эшиги бекилип ачылбай калган бир нече учур болгон. Ошол жерде кайсы бир кырдаал жаралса чалгыла деген номер көрсөтүлгөн.

Ошол күнү да 2 тургун лифтке түшкөндөн кийин ачылбай калган. Сырттагы адамдар көрсөтүлгөн номерге чалып чакырышкан. Бирок бир саат өткөндөн кийин да чакырылган жумушчулар келбегендиктен ичиндеги тургундар аба жетпей ысыкта кыйналып кетишти. Мындан улам айнекти сындырууга аргасыз болушкан. Ага чейин сырттагы тургундар эшикти бир аз ачып, аба киргизүүгө аракеттеништи.

Буга чейин да мындай абал болуп келген. Бирок кемчилик жоюлган эмес. Лифтке оор жүгү барлар, улгайган адамдар көп кирет. Алардын көбүнүн кан басымы көтөрүлөт же жүрөгү ооруйт. Капыстан кырсык болуп кеткенден кийин баары кеч болот. Андыктан мэрия тургундардын коопсуздугун башкы орунга коюп, дээрлик бир жылдан бери кайталанып келе жаткан маселесин чечсе жакшы болмок", - деди көбү өз сөзүндө.

Буга чейин Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков лифтти талкалагандар изделип жатканын кабарлаган эле.

"Аламүдүн" базарындагы лифт ачылбай калганда тургундар сындырып чыгышкан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
artur999
2018-08-21 15:40:09
олуп эле калышсын, биринчи мэрия условияны жакшылап оргонизовать этишпейби, анан бузук лифтти талкалады дебестен. уят эле. талкалайт да лифттин эшиги ачылбаса, корсотулгон аварийний номерге чалса келишпесе, конечно лифтин эшигин талкалайта.
+17
jalguzum
2018-08-21 16:05:03
Кубо эн туура айтыптыр
+8
Djumahmatov
2018-08-21 16:07:28
Мындай кырдаалда кун ыссыкда талкалабаганга арга жок
+15
rysik79
2018-08-21 16:10:19
Талкалабашка айла жок. Апан же атан ысыкта камалып калганын элестет. Туура кылган ким талкаласа.
+15
engel
2018-08-21 17:13:30
Бая куну бироо ушул версияны жазса байкушту баса калышты эле корсо чын эле аба жетпей сындырган турбайбы
+17
bond02
2018-08-21 17:41:46
Ошо мен башында эле жаздым го бул кабар чыкканда эле, эшиги жабылып калып талкаласа керек деп.
+12
Totyua.71.
2018-08-21 20:59:22
Адам созсуз өлуп калыш керекпи?Туура кылышкан,ысык кандай болуп жатат?
+10
aerforce
2018-08-21 21:36:14
Б/у лифти койдуда жаңы деп башка мамлекет ыргытып жибергенин бир адам барбы Кыргызстан үчүн таза иштеген
+9
raykray
2018-08-22 01:17:39
Бул ыссыкда эмес Москвада да салкын погодада лифтке камалып жарым саат турсан аба жетпей кыйналып баштайсын. Неге толукталбаган жанылыкды жар салат, кол сын деп канчасы каргады, лифт бузулганбы жокпу лифтёрго вызов тушконбу жокпу тактабай эле
+6
RusMos76
2018-08-22 05:34:46
Балбак мырза балбактабай лифтин абалын териштириниз, ким куноолуу. Озунузду ошол лифттин ичине коюп корсонуз ыссыкта1саатка кандай болорун тушунорсуз!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан