Жайкы Азия оюндары: Амантур Исмаилов коло медаль жеңип алды

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз балбаны Амантур Исмаилов коло медаль тагынды.

Бүгүн, 21-августта Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 2 салмак ченинде беттештер орун алды. Анда 67 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Амантур Исмаилов катышып коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. 3-орун үчүн беттеште Исмаилов кытайлык Жанг Гакуанга туш келди. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз балбаны 6 упай, анын каршылашы 1 упайга ээ болду.

Муну менен кыргыз балбаны Амантур Исмаилов коло медалдын ээси болуп, Кыргыздын капчыгына 6-медалды алып келди. Буга чейин Кыргыз капчыгына күмүш медалдарды Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова жана Каныбек Жолчубеков алып келсе, коло медалдарды Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zevs
2018-08-21 20:07:16
altyn ala turganyn barby? je kumuw menen juroberevizbi
-7
Romantik.
2018-08-21 20:26:25
zevs, сен биринчи көрүп койда)
+1
taimanbas
2018-08-21 20:34:08
zevs, күмүшкө дагы ыраазы болуш керек болбосо өзүң барып утуп кел
+8
Ali-han
2018-08-21 23:09:15
zevs,Күмүшкө дагы кудайга шүгүр дешибиз керек тууган!!! Тажикистан бир дагы медаль ала элек. Сабыр кылып турсаңыз алдыда дагы көптөгөн балбандарыбыз күч сынашат. Алтын алабыз Буйруса!!!
+3
Aisha02
2018-08-21 21:20:46
Таеквандо ж.б бугун чыккан оюнчулар эмне болду? Кабарлап койсонор
+3
Dembele84
2018-08-21 21:56:04
Общий медальный зачеттун тизмесин чыгарып коюнуздарчы сураныч
+4
Ali-han
2018-08-21 23:05:17
Акжол Махмудов,Иззат Артыков жана Отар Бестаев алтын алып келишет Кудайым Буйруса!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан