Ачкачылык кармаган камактагы саясатчылардын бири тамактана баштады. Алар ачкачылык жарыялагандан бери 7 күн өттү

Ачкачылык жарыялаган камактагы саясатчылардын бири Кубанычбек Кадыров тамактана баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"20-августтан бери Кубанычбек Кадыров тамактана баштады, бирок расмий түрдө ачкачылыкты токтоткону боюнча арызын бере элек. Ал эми Бектур Асанов ачкачылык кармоону улантууда. Жогорку Соттун чыгарган чечими келе элек", - деп билдирди маалымат кызматы.

16-августта саат 17:20да Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров өздөрүнө карата чыгарылган Жогорку Соттун чечимин ала албай жатканын айтып, ачкачылык жарыялашкан. Асановдун ачкачылык кармаганына бүгүн 7 күн болду.

2016-жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tolkun555
2018-08-22 10:54:01
Озуно эле кыйын.бийликти элдин максаты учун эмес озунордун кызыкчылыгынар учун алнынар келген.ачкачылык жарыяласан азказанына зыян
+3
marat88
2018-08-22 11:13:12
Диета кармап жатышатко чамасы. Орозо кармагыла андан коро кудайдын алдындада жузунор жарык болот намаз окугула, байлыгынар болсо керек силерде зекет чыгаргыла убагында жеп ичсениздер керек.
+3
baisogur
2018-08-22 11:48:22
Бектур Асанов озбек Кыргыз уруш маалында Кадыржандын колтугунда жургон ошон учун мындай Элин саткандар турмодо суйунуп жашасын Аман калганына суйунсун Жалабатта ипподромдо элдер бетин нан жалпак кылып койгон дагы жакшы Исмаил Исаков келип элдерди токтотуп калган.
+4
AKCAHAT
2018-08-22 12:56:40
Тим койуш керек. Азайганы азайгвн
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан