Чүй облусунда 49 өспүрүм кайыр сурап жан бага турганы аныкталды

Чүй облусунда 49 бала кайыр сурап жан багары аныкталды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББи өткөн жума ичинде "Кайырчы" рейдин өткөрүп, аныктаган.

Маалыматка ылайык, "Кайырчы" рейдине 360 милиция кызматкери жана башка укук коргоо органдарынын 61 өкүлү тартылган. Рейд базарда, унаа жана темир жол бекеттеринде, компьютердик клубдарда, жер төлөлөрдө болгон.

"Жашы жете элек 40 баланын тагдыры ар кандай. Алар кароосуз калган, оор турмушта жашаган, үйү болсо да кайыр сураган, үй-бүлөсү жетишсиз болгон өспүрүмдөр. Ал эми мындан тышкары 9 өспүрүм кайыр сурап жүргөн жеринен кармалышкан. Бул балдардын бирөөсү социалдык борборго жайгаштырылып, бешөө каттоого алынды. Ал эми үчөө ИИМдин эреже бузган балдарды тарбиялоо борборуна жөнөтүлгөн. Ошондой эле рейдде дайынсыз жоголду деген бир бала табылып, административдик протоколдор толтурулуп, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка органдарга жүздөй билдирүү жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba.8327
2018-08-22 12:56:46
Лолулор мн озбектерди да кармашты болду бекен Озгочо Ош базарды каптап ее го...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан