Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрүндө жаратылыш газы 3 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 22-августтан 24-августка чейин Бишкектин Медеров, Кара-Көл, Кулатов, Панфилов, Горький, Абай, Скрябин көчөлөрүндө жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт.
"Газпром Кыргызстан" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурайт.