Бүгүн, 22-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште кыргыз балбаны Акжол Махмудов финалга чыкты.
Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 77 килограммга чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов катышууда. Ал жарым финалдык беттеште түркмөнстандык Шермет Перманов менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө Акжол Махмудов 8 упай топтоп, атаандашын мөөнөтүнөн мурда утуп алды.
Муну менен Акжол Махмудов мелдештин финалына чыгып, алтын медаль үчүн күч сынашат.