"Экономиканын өсүшү "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүнө байланыштуу" деди министр Панкратов

Экономика министри Олег Панкратов 22-августта берген маалымат жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн экономикасынын өсүшү "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин белгиледи. Анын айтымында, "Кумтөрдүн" ички дүң продукцияга тийгизген таасири чоң.

"Өткөн жылдын биринчи жарымында "Кумтөр" кени алтын өндүрүү тармагында жогорку көрсөткүчтү берип, ички дүң продукциянын көлөмү 6,2 пайызды түзгөн. Жылдын экинчи жарымында нөл көрсөткүчтү берген. Эгерде бул жылы пландагыдай иштесе, жыл аягына чейин ички дүң продукция 2,5,-3 пайызга жогорулайт", - деди Панкратов.

"Кумтөр" 1997-жылдын май айында өз ишин баштагандан тартып 2018-жылдын 31-мартына чейин жалпысынан 11 миллион 700 миң унция же 363,4 тонна алтын өндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KAYRATBEK
2018-08-22 15:05:23
363004тонна алтын? Атандын коруу ушунча алтындын 4эле тоннасы калса раазы элем. Бирок аттин ага жетпейт. Просто ыйлагын келет.
+2
Komrad
2018-08-22 16:18:04
363400 кг го
+2
bekmaral
2018-08-22 17:38:40
4 тонна 400кг эмес 4000кг болот.
363004000кг
+1
jaazira13
2018-08-28 21:48:17
ыйлабай, кумтордун иши токтогондо бюджетти кантип толтурабыз? ошону ойлош керек
0
Belekus
2018-08-29 13:31:02
бюджетке жалгыз ири сумманы салат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан