Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын шоу, маданият өкүлдөрү ортодогу ынтымакты бекемдөө максатында мырзалар арасындагы футбол мелдешин өткөрдү. Бул мелдештин демилгечилеринин бири ырчы Темир Назаров SUPER.KG порталына буларды билдирди.
"Негизи эки өлкөнүн ынтымагын, ортодогу алаканы бекемдөө максатында жакшы оюн өткөрүүнү 3-4 адам демилгелеп чыкканбыз. Демилгени биз көтөрүп жаткандан кийин алгач Кыргыз жергесинде оюн өткөрөлү деп чечтик. Ушул жылдын февраль айында Өзбекстанга атайын барып маданият министринин орун басары Озодбек Назарбековго жолугуп, демилгебизди сунуштадык. Өзбек тараптын макулдугу менен шоу, маданият өкүлдөрүнүн футбол боюнча мелдеши август айына белгиленген. Убакыт-сааты келип беттеш кечээ, 21-августта Ош шаарындагы Сүйүнбаев атындагы стадиондо болду. Эки элдин оюнун көрүүгө келгендер аябай көп болуп, сүрөөндөр менен колдоп жатышты. Оюн учурунда кызыктуу окуялар да орун алды. Оюнчулар топту футболкасынын ичине салып алып, каршылашынын дарбазасына кирип кеткен күлкүлүү учурлар болду. Жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн оюнчулары 15:5 эсеби менен утушка ээ болду. Буюрса, 15-сентябрда ушул эле оюн Өзбекстанда өтөт", - деп билдирди ырчы.