Биз социалдык тармакта

Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке дагы 7 миллион сомдон ашык акча которулду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке акча которду. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта SUPER.KGʹге аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, аталган кызмат бул жолу атайын эсепке 7 миллион 410 миң 504 сом өлчөмүндөгү каражат которгон.

"Бул акчалар экономикалык кылмыш боюнча козголгон иштерден улам мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан жана эсепке алуудан чогулду. Мындан ары да өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чаралар улантылат", - деди Каржы полициясы.

Жалпысынан аталган мекемеден которулган акча каражаттын жалпы суммасы 150 миллион 787 миң 732 сомду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
toktor89
2018-08-23 12:13:22
Арменя президенти 100 кундо почти 7 миллиярд сом же 110миллион доллар кустуртту коррупционерлерден а биздики 200 кундо болгону 150 миллион сом же 2миллион доллар
Топтоп казынага салам дегендерден жаман ойлоном
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан