Биз социалдык тармакта

Казыят: "Араванда мечиттен өрт чыккан эмес, ашкананын жанында жайгашкан намазкана өрттөнгөн"

Ош облусунун Араван районундагы Гүлбар айылындагы мечиттен өрт чыгып, андан 2 адам каза болду деген маалымат жалган. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан билдирди.

"Бүгүн, 23-августта Ош–Араван жолунун 13-чакырымындагы жол боюнда наабайкана, ашкана орун алган. Наабайкана менен ашкананын жумушчулары таң эрте жумушка келишип, газ баллонду иштеткенде ал жарылып, 2 адам каза болгон. Ал эми өрт өчүрүү кызматкерлери келип, каза болгон жарандарды чыгаруу менен алек болуп жатканда өрт наабайкана менен ашкананын башка бөлүктөрүнө жайылып, имарат толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле өрт наабайкана менен ашкананын жанындагы 2 кабаттуу имаратка жеткен. Имараттын 2-кабатында ашкананын ээси тарабынан жолоочулар үчүн чакан намазкана ачылган. Өрт каптаган учурда намазканада эч ким болгон эмес жана намазкана толугу менен өрттөнгөн эмес", - дейт басма сөз кызматы.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Араван районундагы Гүлбар айылындагы мечиттен өрт чыгып, андан 10 жаштагы бала жана 36 жаштагы аял каза болгон деген маалымат тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
erlan2196
2018-08-23 15:48:33
Казыятта жалан диний преступниктер отурушат. Кооз суйлошуп элдин ички дуйносуно оной кирип алышат да, фанаттарды армиясы катары пайдаланып жатышат. Азанды без микрофона кыйкырышсын. Тажатышты.
-7
Dalil
2018-08-23 16:18:48
erlan2196, шашпа ошол азанды уккандан тажаган кулагың бир күн келип аны да укпай турган күн келет.
+5
filis
2018-08-23 16:30:46
Биздеги Ар бир мечит арабтардын кызыкчылыгы учун салынган деп айтса болот. Мечитердин кудайга тиешеси барбы же арабтардын каада-салтына тиешеси барбы? айтор чоооон суроо
-5
meni_kut
2018-08-23 17:44:05
filis,болок динди шылдындагандарга статья бар,унутпа
0
filis
2018-08-23 17:51:22
meni_kut,
Мусулмансынбы же жокпу - деп кекетип, динди тануулагандарга жана элдин тынчтыгын (азан) бузгандарга статья барбы же жокпу?
-2
meni_kut
2018-08-23 20:02:19
filis, Азанга статья жок.Уйку бербей,элдин тынчын алып музыка дункулдоткон кафе-ресторандарды кулагын укпай керен болосун
0
jike
2018-08-23 17:32:25
Таза динге каршы чыккандар билермандар кобоюп барататко бизде.
+1
admin_media
2018-08-23 17:36:50
rejepova, meni_kut,CHOTON_86,shergazy9, Kosmos2013, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан