Биз социалдык тармакта

Свердлов районунун акими: "Аламүдүн" базарында сындырылган лифтти ким төлөй тургандыгы аныкталат"

Буга "Аламүдүн" базарында жайгашкан жолдун үстүнөн өтүүчү өтмөктүн лифтинин терезесин белгисиз жарандар сындырып кеткендиги тууралуу маалымат тарап, алар милиция тарабынан изделип жаткандыгы белгилүү болгон.

Ал эми окуянын күбөсү жарандар лифтке камалып калып дем жетпей, өздөрүн жаман сезе баштаганда лифттин терезеси талкаланганын билдирген.

Бул боюнча Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков бүгүн, 23-августта лифт кайрадан ишке киргизилгенин билдирип, төмөнкүлөрдү кошумчалады.

"Азырынча сынган терезенин ордуна подрядчик терезе коюп берди. Бирок иликтөө жүргүзүлөт. Лифттин ичинде адамдар камалып калгандан кийин башка тургундар аны сындырып, ичиндегилерди алып чыкканы видеокөзөмөлгө түшүп калган. Бирок жарандар лифтёрлор келе электе эле лифтти сындыра баштаганы белгилүү болду. Эгерде лифтти иштетүүдө кандайдыр бир мүчүлүштүктөр жаралса атайын көрсөтүлгөн номер аркылуу чалуу керек, адистердин тобу бир саат убакыт ичинде келиши зарыл", - дейт Болотбеков.

Ошондой эле акимдин айтымында, азыркы тапта терезенин сындырылганы боюнча териштирүү иштери жүрүп, камалып калган жана аларды чыгарган жарандар изделүүдө.

"Лифтти иштетүүдө мурун дагы техникалык мүчүлүштүктөр болуп келген деген факт текшерүүгө алынды. Лифтти орнотууда кандайдыр бир кемчиликтер кеткен болсо анда аны койгон ишкана жооп берет. Ал эми лифт эксплуатация учурунда бузулуп тийиштүү кызмат өз учурунда келбеген болсо чыгымды алар төлөп берет. Эгерде кызматкерлер келгиче тургундар жүйөөсүз эле лифттин терезесин сындырган болсо анда лифтти оңдоого кеткен чыгымдарды ошол жарандар төлөйт", - деп кошумчалады район башчысы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
amirrus
2018-08-23 16:54:18
Адам дем жетбей 15-20минутада деле олуп калышы мумкун,бул аким жардам 1саатта келет дейт ...
+5
rysik79
2018-08-23 16:57:18
Акимдин озун камаш керек бир саатка 40град ысыкта.
+8
bond02
2018-08-23 17:22:14
Тендерден уткан компанияны толотуш керек.
+4
haydarkan
2018-08-23 17:47:12
100% ошол Лифти талкалаган байкуштар толойт.
-1
tular
2018-08-24 06:04:32
Ушул Самарбек Болотбековду бир саат 40 градус ысыкта камаса, ошондо озу эле тушунот эле кимди толотушту!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан