Учурда 3 компания "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн сунуштарын берүүдө. Алар жөнүндө маалыматтарды атайын комиссия карап жатат.
Катышуучу компаниялардын аттары жана алар сунуштаган баалар атайын экран аркылуу журналисттерге көрсөтүлүүдө. Анда "Mega-Line" жоопкерчилиги чектелген коому аталган долбоор үчүн 50 миллиард 522 миллион 311 миң сом сунуштаганын байкоого болот. Ал эми "Концерн радиостроения "Вега" акционердик коому менен "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому өз бааларын сунуштай элек.
"Коопсуз шаар" долбоору "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.