Кыргыз өлкөсүнүн туристтик ураанын ойлоп табууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.
"Сынакта жеңүүчү 5 миң АКШ долларына ээ болот. Сынактын шарттары жөнөкөй. Катышууну каалагандар туристтерди тарта турган Кыргыз жеринин өзгөчөлүктөрүн камтыган ураан ойлоп таап, аны бизге сунушташы керек. Келип түшкөн сунуштар атайын веб баракчага жайгаштырылып, интернет колдонуучулардын добушуна коюлат. Сынактын жыйынтыгы интернеттеги добуш берүүнү эсепке алуу менен 2019-жылдын 31-мартында калыстар тобу тарабынан чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.