Ысык-Көл облусунун Түп районунда үй-бүлөлүк чырдан улам 24 жаштагы уулу тарабынан чала жан болгончо сабалып, каза болгон 49 жаштагы Майрамбек Талдыбаевдин бир тууган карындашы Салима Талдыбаева SUPER.KG порталына соттук иштер бир тараптуу болуп жатканын айтат.
Анын айтымында, агасынын өлүмү үй маселесинен чыккан чыр-чатактан улам болгон.
"Чырдын баары агамдын уулу чоң ата, чоң апасына тийиштүү үйдү өзүнө каттатам дегенден башталган. Ал үйдө агам жана эжем жашайт. Экөөнүн тең ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Бирок агамдын өлүмүнө шектелген баласы ошол үйдө өзү жашагысы келип, жашап жаткан атасынын бир туугандары ал үйдү бошотуусун айтып, ага атасын күнөөлөй берген", - деди ал.
Салима Талдыбаева билдиргендей, каза болуп калган агасынын эки эркек уулу бар. Алардын бири учурда аскерде кызмат өтөп жатат.
"Агам кошунанын куруп жаткан үйүнүн пайдубалына жардам берип келип, жеңебизден тамак сураптыр. "Сен эмнеге бирөөнүн жумушун кылып келип, үйдөн тамак сурайсың?" деп эшиктен баласы кирип, ичке тээп сабаптыр. Агам жардам берип жаткан коңшусу жакын болгондуктан аны жандалбастап чакырыптыр. Алар келип агамдын абалын көрүп, ооруканага алып баралы дешсе унаа таппай ал күнү агам өзүнүн ата-энеси жашаган үйгө барып түнөйт. Ал жакка ошол түнү жатып, эртеси түштөн кийин ооруканага барып, операция болду. Андан соң эки-үч күнгө жетпей кан кузуп жатып, каза болуп калды. Ал эми жубайы экөө январь айынан бери ажырашып жүрүшкөн. Төрт жолу сот болуп, агамдын көзү өтүп кеткендигине байланыштуу ал дагы токтоду.
Агамдын өлүмүнө шектелип, кармалган баласына кылмыш иши козголуп, иш тергелип 12-июлда сот башталды. Биринчи отурумда эле сот бир тараптуу өңүттө карап жатты. Андан бери сот жылып отуруп 5 жолу гана соттук отурум болду. Ушундай процесстердин биринде өзүн сотто Жогорку Кеңештин кызматкеримин деп тааныштырган Мээрим аттуу аял пайда болду. Ал мага коркутуу сыяктуу сөздөрдү айтып, арызымды алууну талап кылып, мага 3 миң доллар акча сунуштады. Мен макул болгон жокмун. Ал ушундай сунуштар менен сотторго кайрылып жаткандыктан райондук сот бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү чечим чыгара албай жатат. Менин агамды сотто аракты көп ичкен үй-бүлөсүнө жардамы жок жаран деп айтышууда. Менин агам арак иччү эмес. Анын кылган тиричилигинен эле анын андай адам эмес экендигин айтса болот", - дейт Талдыбаева.
Талдыбаеванын айтымында, өз атасын сабап өлтүрүп алган иним сотто жана тергөөдө ар кандай көрсөтмөлөрдү берүүдө. "Ал ошондой эле соттон утуп эркиндикке чыга турганын айтып, атасынын туугандарынан кечирим суроонун ордуна кайра оозго алгыс сөздөрдү айтууда", - деди маркумдун карындашы Салима.
Ысык-Көл ОИИБинен Түптө 24 жаштагы адам үй-бүлөлүк чырдан улам атасын чала жан болгончо сабап, атасы оор абалда ооруканага түшкөндүгү кабарлашкан. Андан соң ооруканада оор абалда жаткан 49 жаштагы Т.М. аттуу адам каза болгон. Буга байланыштуу 104-берене (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, 24 жаштагы Н.А. аттуу уулу камакка алынган.
SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын да ой-пикирин угууга даяр.