Бишкек шаарында "Ак-Кеме" мейманканасынан тамактанган 42 адам ууланып ооруканага түшкөнү айтылып, аталган мейманкананын жетекчиси уулангандар башка жерден да тамактанганын билдирген эле.
Бул окуя тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргыз өлкөсүндөгү жетекчисинин орун басары Мунир Мамедзаде SUPER.KG'ге пикирин билдирди.
"Биздин ыктыярчылардын аталган мейманканадан башка жерде да тамактангандыгы чын. Тамактан уулангандардын анализдери экспертизага жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы чыкмайынча бир нерсе деп айтуу кыйын. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканда гана баары белгилүү болот", - деди Мунир Мамедзаде.