Бишкектеги Айтматов кең көчөсүндөгү асфальт толугу менен жаңыланып, колдонууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев билдирди.
"Апрель айында башталган оңдоо иштери соңуна чыкты. Жол катмарлары толугу менен алмаштырылып, четине тосмолор орнотулду. Оңдоо иштери октябрь айына чейин уланары күтүлүп жаткан. Бирок окуу жылынын, көчмөндөр оюнунун башталышына байланыштуу мөөнөтүнөн эрте жыйынтыктай алдык. Жибек Жолу кең көчөсүнөн тартып Семетей көчөсүнө чейинки 9 чакырым жол жаңыланды. Эски асфальт 18 жыл кызмат өтөдү, жаңысы андан да көп мөөнөткө чыдашына кепилдик бар", - деди Нурлан Эшенбаев.