Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Бүгүн, 25-августта вице-премьер-министр Жеңиш Разаков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине даярдык көрүү жана аларды өткөрүү маселеси тууралуу көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, алдыда мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өткөрүлгөнү турат.

"Буга байланыштуу көлөмдүү жана жоопкерчиликтүү иштерди аткаруу каралган, анын алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине даярдык көрүү жана аларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти, республиканын жарандарынын жана чет элдик меймандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык тийиштүү чараларды кабыл алуу зарыл. Бүгүн биз иш-чара өткөрүлүүчү негизги объектилерди көрүп чыктык, күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн аларга жүктөлгөн милдеттерин аткарууга карата даярдыгын талкууладык. Алардын жыйынтыгы тууралуу аталган иш-чараларга даярдык көрүүгө тийиштүү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды", - деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр премьер-министрдин буйругу аркылуу бекитилген планда каралган бардык чаралардын, ошондой эле протоколдук тапшырмалардын аткарылышы зарылдыгы тууралуу эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ali-han
2018-08-26 00:09:25
Аман эсен өткөрүп алгыла көчмөндөр оюндарын!!! Сагындым сени мекеним Кыргызстан!!!
+1
Rifle_I
2018-08-26 00:18:46
Той өткөргөн го жакшы.
Бирок канчалаган мектептерге акча жок курулуш токтоп турат. Айылдарда таза сууга зар болгон элдердин арызын көрсөтүп жатат кабарлардан.
Мейман десе жата калаткенбиз кыргыздар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан