5-сентябрда 2019-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө документтер боюнча коомдук угуу өтөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, бюджеттик процесске жарандардын катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү, коомдук пикирди иликтөө жана сунуш пикирлерди кабыл алуу максатында өткөрүлүүдө. Коомдук угуу аталган министрликтин имаратында 5-сентябрда саат 9:00дө өтөт.