Кыргыз спортчулары Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдештин коло медалдарын тагынышты.
Бүгүн, 26-августта Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча 2 салмак ченинде беттештер орун алды. Анда 86 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Абдурахманхажи Муртазалиев менен Муртазали Муртазалиев катышты.
Аталган спортчулар финалга өтүү үчүн беттеште жеңилүү ызасын тартып калып, коло медаль үчүн күч сынашты.
Муртазали Муртазалиев коло медаль үчүн беттеште түркмөнстандык Мерген Жораев менен беттешти. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз спортчусу мыктыраак болуп, жеңүүчү аталды.
Абдурахманхажи Муртазалиев коло медаль үчүн беттеште казакстандык Андрей Гаврилюк менен беттешти. Жыйынтыгында жеңүүчү Кыргыз спортчусу аталып, Абдурахманхажи Муртазалиев коло медаль тагынды.
Муну менен Муртазалиевдер Кыргыздын капчыгына 2 медаль алып келишти.
Жалпы эсепте Кыргыз капчыгында 16 медаль бар, анын 2си алтын, 5и күмүш жана 9у коло медаль.