Депутат Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен түштүк жээгине сүзүп өттү. Ал сууда сүзүү боюнча мелдешке биринчи жолу катышканын айтты

Жогорку Кеңештин 54 жаштагы депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен түштүк жээгине чейинки аралыкты сүзүп өттү. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ал Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен түштүк жээгине чейинки 14 чакырым аралыкты 5 саат 16 мүнөттө сүзүп өтүп экинчи келген.

"Issyk-Kul Swim Challenge" аталышындагы мелдешке 6 адам катыштык. Ал эми финалдык жээкке 4 адам сүзүп чыктык. Бул иш-чарага катышууга мага бир жыл мурун сунуш түшкөн. Мелдешке катышуу үчүн эртең менен 5, 7, 9 километрден сүзүп, 1 ай даярдандым. Сүзүү учурунда медицина кызматкерлери коштоп жүрдү. Жыйынтыгында Тору-Айгыр айылына экинчи болуп жээкке чыктым", - деди эл өкүлү.

Мындан сырткары эл өкүлү сууда сүзүү боюнча мелдешке биринчи жолу катышып жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 54 жаштагы депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен түштүк жээгине чейинки аралыкты сүзүп өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
alpinist
2018-08-26 21:20:49
Азаматсын брат
+2
rysik79
2018-08-26 21:51:48
Эркек. ЖКте да ошондой эркек бол досум.
+8
meku89
2018-08-26 22:13:16
Молодец!
+5
Asyl.jazi
2018-08-26 22:34:54
Кудайга шугур жок дегенде сууда сүзгөндү билген депутат дагы бар экен, жеп ичип эле жата бербей жок дегенде бассейнге барган
+4
bond02
2018-08-26 22:58:43
Молодец э, алтын балык минип албадынбы кыскасы.
0
Meni_unut
2018-08-27 00:06:49
Молодец
+1
Meni_unut
2018-08-27 00:07:07
Улгу болдун коллегаларына
+2
MEDER_KULETOV
2018-08-27 00:11:35
Кудай күч кубат берсин сизге 54 жашта болсоңуз мыкты экенсиз БАРАКЕЛДЕ!!!
+3
jalguzum
2018-08-27 01:48:25
Ден-соолугу жакшы экен. Азаматсыз
0
Azatbek.Svoboda.
2018-08-27 01:57:26
Эми башка ишти да корсотуп койсун!ЖК иштеп эмнеси менен таанымал десе сууда сузуш менен таанымал болуп кала бербей !
+4
imanberdi98
2018-08-27 10:02:17
14 километрди кантип сүзүп өттү?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан