Аламүдүн районунан 4-август күнү чыгып кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан 13 жана 15 жаштагы эже-сиңди табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта табылган кыздардын апасы Гулипа Насырова SUPER.KG порталына билдирди.
"Кыздар аман-эсен табылды. Ден соолуктары жакшы. Аларды милиция кызматкерлери табышты", - деди Насырова.
Эске салсак, Чүй облусунун Аламүдүн районунан 4-августтан бери 13 жана 15 жаштагы бир тууган эки өспүрүм кыз изделип жаткан.