Бишкекте президенттин катышуусу менен Алтай тектүү элдердин отуруму башталууда

Бүгүн, 27-августта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусундагы эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын "Алтай тектүү дүйнөнүн элдик оюндары, аларга байланыштуу салттары жана үрп-адаттары" аттуу 61-отурум да башталганы турат.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын билдиришинче, бул жыйын дээрлик бир аптага уланып, бир нече өлкөдөн келген жана жергиликтүү илимпоздор катышат.

"Бул иш-чара Билим берүү министрлигинин, Илимдер академиясынын, президенттин аппаратына караштуу "Мурас" фондусунун жана башка уюмдардын уюштуруусунун аркасында өтүп жатат. Бул жыйынга АКШ, Орусия, Япония, Германия баштаган 17 өлкөдөн 185тен ашык илимпоз катышат. Бул алтай таануу жыйыны 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында уюштурулууда, бул жыйынга келген чет өлкөлүк коноктор Көчмөндөр оюнунун ачылышына сый конок катары катышат. Бул жыйын 26-августтан 3-сентябрга чейин уланат. Бул иш-чаралардын жыйынтыгында бардык өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасы атайын жыйнак болуп чыгарылат", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sinej
2018-08-27 09:54:53
Жакшы иш экен. Озубуздун кайсы эл экенибизди белгенибиз жакшы, арабтардын каада салтына жабышпай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан