Интернетке Чүй облусунун аймагында унаанын терезесинен кара байракты желбиретип бараткандардын видеосу жарыяланды. УКМК алардын ким экенин аныктаганын SUPER.KG'ге 27-августта кабарлады.
Маалыматка караганда, УКМК менен Ички иштер министрлиги ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада желек желбиретип бара жаткандарды табышкан.
"Кара желекти желбиретип бараткандар "CERBER AVTO CLUB" деп аталган авто борбордун мүчөлөрү экен, алар Беловодск айылындагы балдар интернатына кайрымдуулук иштерин кылуу максатында баратышыптыр. Ал желекте эч кандай "Аллах" жана башка жазуулар жок, болгону ал ошол фирманын логотиби түшүрүлгөн кара желек экен. Элдер башкача түшүнүп алышыптыр", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Мекеменин басма сөз кызматы кошумчалагандай, УКМКнын кызматкерлери тарабынан табылган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана факт боюнча материалдар Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.
Буга чейин интернетте арабча "Аллах" деп жазылган кара байракты унаанын терезесинен чыгарып бараткан видео жарыяланып, кызуу талкууга алынган.